Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Аида Токтоматованы кызматтан алуу маселеси каралууда


Аида Токтоматова.
Аида Токтоматова.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованы илимий диссертациясындагы кемчиликтери үчүн Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун жетекчиси кызматынан алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кадр маселеси жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Кулбатыров билдирди. Анын айтымында, борбордун кызматкерлеринин кайрылуусунун негизинде Жогору аттестациялык комиссия Токтоматованын илимий эмгектерин текшерип, талапка дал келбей турганын аныктады. Маалыматка ылайык, ал АКШнын Калифорния штатындагы өнөр-жай, билим берүү жана искусство боюнча Эл аралык академияда илимий ишин жактап, доктор даражасын алган.

- Жогору аттестациялык комиссия Токтобаеванын диссертациялык эмгеги медицина илиминин доктору даражасына дал келбейт деген чечим кабыл алды. Учурда мекемелер аралык комиссия деле бул ишти карап жатат. Жакын арада кызматтан кетет, - дейт Кулбатыров.

Аида Токтоматованын өзүнөн бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ал 2010-жылдан бери аталган борбордо иштейт. Жетекчилик кызматка өткөн жылдын 7-октябрында шайланган. Токтоматова күйөөсү Акматбек Келдибеков коррупцияга шектелип, кармалган учурда коомчулукка көбүрөөк таанылган. (SE)

XS
SM
MD
LG