Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Майлуу-Суудагы аскердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Коргоо министрлигинин маалымат кызматы бүгүн 30295 аскер бөлүгүндө (Майлуу-Суу) 13-мартта болгон катардагы бир жоокердин өлүмүнүн себептери боюнча маалымат таратты. Анда алгачкы кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 1993-жылы төрөлгөн жана Кызыл-Кыя шаардык аскер комиссариаты тарабынан 2014-жылдын жазында мөөнөттүү аскер кызматына чакырылган катардагы жоокер Нургазы Усманов былтыр күздө келген аскерлер уктоочу жайга келип, катардагы жоокер Шамбет Сейитмуратовду көкүрөк тушка урганы, катуу урулган муштумдун күчүнөн ал эсин жоготуп, полго кулап түшкөнү жана бөлүктүн медициналык пунктуна токтоосуз жеткирилгени айтылат. Бирок тез арада көрүлгөн жандандыруучу иш-аракеттер жыйынтык берген эмес жана жоокерди шашылыш түрдө шаардык ооруканага жеткиришкенде ал каза тапканы белгилүү болгон.

Жоокер Нургазы Усманов учурда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында. Ага Жазык-процесстик кодекстин 358-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги тарабынан бул окуя боюнча кызматтык териштирүү иши башталды. Маалыматта ошондой эле күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү эскертилген.

XS
SM
MD
LG