Бул тууралуу “Азаттыкка” КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жеңишгүл Өзүбекова билдирди. Анын билдиришинче, телерадиокорпорациянын башчылыгына жалпысынан 14 талапкер арыз берген. Алардын төртөөнүн документтеринде кемчиликтер болгондуктан алынып салынды.
Конкурстук тандоонун биринчи этабынан Ишен Айтмамбетов, Аскат Алагөзов, Илим Карыпбеков, Жээналы Камбаралиев, Кадыр Кошалиев, Тимур Саралаев, Сюита Соурбаева, Азис Шаршенбаев, Бөлөкбай Шеримбеков, Кубанычбек Эсенбаев өткөн.
Коомдук телеканалды ушул тапта Илим Карыпбеков жетектөөдө. Ал мурдагы жетекчи Султан Жумагулов өз арызы менен кызматтан кеткен соң убактылуу дайындалган болчу. (КЕ)