Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

2014-жылы 4 миңден ашуун аялга “Баатыр эне” наамы берилди


Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев бүгүн парламентте билдирди. Анын белгилешинче, соңку жылдары жалпысынан 27 миң аялга “Баатыр эне” наамы берилген.

Бүгүнкү жыйында депутат Дастан Жумабеков айрым энелерге күбөлүк гана берилип, эки жылдан бери ордендерин ала албай жүргөндөр бар экенин эске салды. Абдылдаевдин белгилешинче, 2006-2009-жылдары каражат жоктугунан “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” ордендерин даярдоо токтоп калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG