Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Жалал-Абадда уурдалган балдар бошотулду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, 18-мартта Сузак районунун бир тургуну 11 жана 12 жаштагы эки уулун бирөөлөр уурдап кетип, аларды коркутуу менен он миң доллар талап кылып жатканы тууралуу кайрылган.

Ыкчам жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында уурдалган балдар бошотулуп, Сузактын Комсомол айылынын бир тургуну бул ишке шектелип кармалды.

Учурда Кылмыш кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча иш козголду.

XS
SM
MD
LG