Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Ысык-Көлдөгү пансионаттар талапка жооп бербейт


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү пансионаттарга ишмердигин жүргүзүү үчүн жайкы сезонго жакын атайын паспорт берилет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Капатагев билдирди. Мындай документ алуунун талабы - эс алуучу жай бардык техникалык, санитардык талаптарга жооп бериш керек. Бирок азыркы учурда облуста аталган шарттарга толук жооп берген бир дагы пансионат жок. Андыктан былтыр 20га жакын эс алуучу жайларга документтер шарттуу түрдө гана берилип, аларга техникалык, санитардык абалды бара-бара оңдоо тапшырылган.

Ысык-Көл облусунда жалпы 160 пансионат болсо алардын 11и мамлекетке таандык. Адистер дубандагы эс алуучу жайларда жыл санап тейлөө шарттары жана коопсуздуктун да деңгээли төмөндөп баратканын белгилешүүдө. (AsA)

XS
SM
MD
LG