Испаниянын «Барселона» жана Италиянын «Ювентус» клубдары УЕФА чемпиондор лигасынын чейрек финалындагы акыркы эки орунга ээ болушту. Бул тууралуу Европанын футбол ассоциациялар бирлигинин (УЕФА) расмий сайтында маалымдалган. Шаршемби күнү «Боруссия» «Ювентус» клубуна жооптук беттеште 0:3 эсебинде утулган (эки беттештин жыйынты 1:5). Дагы бир жооптук беттеште «Барселона» Англиянын «Манчестер Сити» клубун 1:0 эсебинде жеңген (эки беттештин жыйынтыгы 3:1). Буга чейин УЕФА чемпиондор лигасынын чейрек финалдык беттешине Испаниянын «Реал», «Атлетико», Португалиянын «Порту», Франциянын «Пари Сен-Жермен», «Монако» жана Германиянын «Бавария» клубдары чыгышкан.
Ошентип жарым чейректик беттештерден кийин Англиянын «Челси», «Арсенал», «Манчестер Сити», Германиянын «Байер», «Боруссия», «Шальке-04», Украинанын «Шахтер Донецк», Швейцариянын «Базель» клубдары УЕФА чемпиондор лигасынын башкы олжосу үчүн таймаштарын токтотушту. ¼ финалдын чүчү кулак кармашуусу жума күнү Швейцариянын Ньон шаарында болот. (ECh)