Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иштин акыйкат териштирилишин көзөмөлдөө үчүн парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, кайра бул чечим жокко чыгарылды. Буга “Ата-Журт” менен “Республика” фракциялары комиссияга кошулуудан баш тартканы себеп болду. Аталган фракциялар комиссия түзүүгө негиз жок экенин айтышып, бул маселени коалициялык көпчүлүктүн кароосун сунуш кылышты.
Комиссия түзүү демилгесин “Ар-намыс” фракциясынын лидери, депутат Феликс Кулов бүгүнкү жыйында көтөрүп чыккан. Буга чейин ал Абдыкапаровдун иши акыйкат иликтенбей жатканын билдирген болчу.
Бакыт Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча "Тазалык” ишканасына байланыштуу “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагууда. Абдыкапаровдун жактоочулары жана Салянова өзү коюлган айып негизсиз деп, анын саясий өңүтү бар экенин айтууда.(КЕ)