Улуттук оюндарды өнүктүрүү максатында "Теңир Тоо жаштары" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган ордо оюнуна Ак-Талаа районунан 3 команда Ат-Башы районунан келген 2 команда жана Нарын районунан 8 команда, жалпысынан 13 команда катышты. Эки күнгө созулган бул мелдеште 1-орунду Нарын районунун Кара Чий айылынан келген курама команда алды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
"Теңир Тоо жаштары" коомдук бирикмеси тарабынан мындай ордо оюну боюнча мелдеш 4 жылдан бери уюштурулуп келет. "Биздин максатыбыз кийинки жылы Нарын облусунан күчтүү курама команда топтоп, облустун атынан республикалык денгээлге чыгуу", дейт аталган бирикменин жетекчиси Мустафа Жумаканов. (MiK)