Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Рахмон Тажикстанды секулярдык жолдо өнүктүрүү зарылдыгын айтты


Тажик президенти Э.Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жыйында. 19.3.2015.
Тажик президенти Э.Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жыйында. 19.3.2015.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөнү өнүктүрүүнүн 2050-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыгууну тапшырды.

Бүгүн жыл сайын өтүчү интеллегенция өкүлдөрү менен жолугушуусунда Рахмон улуттук кызыкчылыкты сактаган концепция иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, бул мезгил аралыгында Тажикстан “мыйзам баалуулугуна негизделген демократиялуу, секулярдык өлкөгө айланышы керек”.

Өз сөзүндө президент өлкөнүн секулярдык (мамлекет менен дин ажырымдалган) нукта өнүгүшү зарыл экенине басым жасады. Рахмондун бул сөзү өлкө түндүгүндөгү Согду облусунда тыюу салынган ислам тобунун беш мүчөсүнүн үстүнөн сот жараяны башталган учурга дал келди.

Акыркы кезде Тажикстанда тыюу салынган диний уюмдардын мүчөлөрү боюнча иштер жүрүп жатат. Расмий маалымат боюнча, учурда Сириядагы согуштук аракеттерге 300дөн ашык тажикстандык катышууда. Алардын 50гө чукулу каза болду.

XS
SM
MD
LG