Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Ыргал Кадыралиева агасына иш козгоого ЖК спикери буюрутма бергенин айтып чыкты


Депутат Ыргал Кадыралиева агасы Канжар Кадыралиевге козголгон кылмыш ишке Жогорку Кеңештин спикери буюрутма бергенин айтып чыкты. Кадыралиева ага бул маалыматты мурдагы баш прокурор Аида Салянованын агасы айтканын билдирүүдө.

- Салянованын бир тууган агасы менен сүйлөшкөндө ал менин агам саясий курмандык болгонун айтты. Менин агамдын иши жогорудан келген буйрутма экен. Баш прокурордон ким жогору турушу мүмкүн? Асылбек Шариповдон сура, бул анын буюртмасы деп айтты, - деди Кадыралиева.

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Шарипов депутаттын билдирүүсүн четке кагып, көчө сөздөрүн сүйлөбөөгө чакырды.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Мындан кийин Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделүүдө. Бирок Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG