Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Тунис: музейдеги кол салууга жоопкерчиликти ИМ алды


Тунстеги теракт болгон музейдин алдындагы полициячы. 19-март, 2015-жыл.
Тунстеги теракт болгон музейдин алдындагы полициячы. 19-март, 2015-жыл.

Тунистеги 23 адамдын өмүрүн алган музейдеги кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу өзүнө алды. Муну тастыктаган аудио интернетке бүгүн жайгаштырылды. Анда музейге кирип ок чыгаргандарга колдоо билдирилип, Тунисте мындай кол салуулар дагы күтүлөрүн эскерткен.

18-мартта Тунистин борбор калаасындагы белгилүү Бардо музейине куралчан адамдар кирип, ок ачкан. Андан 20 чет элдик турист жана үч жергиликтүү тургун каза болгон. Кол салгандардын экөө полициянын операциясы учурунда жок кылынган. Тунис бийликтери бул окуяга шектүү катары бүгүн тогуз адамдын кармалганын кабарлашты.

Италиянын круиздик саякат мекемеси Туниске сапарлар белгисиз мөөнөткө токтотулганын билдирди.

2011-жылы мурдагы президент Зине Эл-Абидин Бен Али кулатылгандан бери Тунисте мындай зомбулук боло элек болчу.

XS
SM
MD
LG