Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

БУУ “Ислам мамлекети” тобун геноцид үчүн айыптады


“Ислам мамлекети” террорчул тобу үч олуттуу кылмышка айыпталууда. Террорчулар аскердик кылмыш, адамзатка каршы кылмыш жана геноцидге күнөөлөнүүдө. Бул тууралуу БУУ бейшемби күнү жарыялаган докладда айтылат.

Доклад 2014-жылдын июнь айынан быйылкы жылдын февралына чейинки мезгилди камтыйт. Анда согушкерлер Ирактын түндүгүндөгү езид азчылыгын тукум курут кылууга аракет кылганы айтылат. Мындан сырткары шийит мусулмандарына карата да дал ушундай мамиле кылганы көрсөтүлгөн. Доклад авторлору БУУнун Коопсуздук кеңешин бул боюнча Гаагадагы Эл аралык сотко кайрылууга чакырды.

Былтыр июндан тарта согушкерлер Ирактын түндүгүндөгү аймактарды басып алган. Андан соң алар бул аймакты байырлаган езиддерди, анын ичинде аялдар менен балдарды тирүүлөй өрттөп, 300гө жакын аялды кулдукка уурдап кеткен.

Жихадчылар шийиттерди, күрттөрдү, христиандарды каапыр деп эсептери жана исламды кабыл албаса, өлүмгө айдары кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG