Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Маалымат каражаттарына шайлоого даярдануу сунушталды


“Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фонду 2015-жылкы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнүктүгүнө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары азыртадан даярданышы зарыл экенин билдирди. Шайлоо жөнүндөгү мыйзам боюнча, кай бир партиянын же талапкердин үгүт ишин чагылдыруу үчүн медиа уюм шайлоого чейин 6 ай ичинде кызмат акысы тууралуу маалыматты такташы керек.

Үгүт өнөктүгү башталгандан кийин даярдалган жарыя баасы мыйзамсыз деп табылат. Алдын ала такталган маалымат үгүт башталардан мурда Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо быйыл күзүндө болот. (SE)

XS
SM
MD
LG