Мамлекеттин коргоо министри Юозас Олекас бейшемби күнү парламентте сүйлөп жатып, милдеттүү аскерий кызмат жөнүндөгү мыйзамдын кайра күчүнө киришине Украинадагы кырдаал себеп болгонун билдирди.
Мыйзамга ылайык, алдыдагы беш жыл ичинде 19дан 26 жашка чейинки жарандар милдеттүү түрдө армияга барышы керек. Кызмат мөөнөтү тогуз ай. Алгачкы чакыруу сентябрда башталат.
Литвада буга чейин каалоочулар гана армияга барган. Милдеттүү аскерий кызмат өтөө талабы 2008-жылы алып салынган. (SE)