Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстеликтер бузулууда


Ташкентке жакын жайгашкан Ангрен шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына 45 жыл мурун орнотулган эстеликтер бузулду. 19-март күнү атайын бригада монументти жана айкелдерди кулатып салды. Шаар мэриясынан “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришкендей, жергиликтүү бийлик калааны көрктөндүрүү максатында эстелик-комплексти алып салууну чечкен. Бирок бул кадам эмне үчүн Жеңиштин 70 жылдык мааракесине жакын ишке ашырылып жатканы чечмеленген жок.

Комплекстин курамында он метрлик монумент жана анын айланасында колуна курал кармаган жоокерлердин эстелиги бар болчу.

Өзбекстан эгемендик алгандан бери 9-Май жылнаамада “Жеңиш майрамы” эмес, “Эскерүү күнү” деп белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG