Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Баткенде кармалган чек арачылар Өзбекстанга өткөрүлдү


Сох менен чек арадагы Чарбак айылы, Баткен.
Сох менен чек арадагы Чарбак айылы, Баткен.

Өзбекстандын Сох анклавынан Баткен облусундагы Кара-Токой айылына мыйзамсыз өтүп келген эки чек арачы сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынан кабарлашты. Бүгүн аталган аймактын тургундары чек арадан мыйзамсыз өткөндөрдү кармашкан.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох эксклавында 60 миңдей калк жашайт. Сох Өзбекстанга таандык болгону менен, анын басымдүү бөлүгү тажик улутундагылар.

Жыл башынан бери кыргыз-өзбек чек арасында сегиз жаңжал катталган. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG