Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ала-Тоо жаңы конушундагы 82-мектеп комплексинин ачылыш аземинде билдирди. Ал Казакстандагы президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев жеңип келерине ишенерин жана муну колдой турганын айтты.
Бүгүн ачылып жаткан мектеп Казакстан бөлгөн каражатка бүткөрүлгөн. Ал 750 окуучуга ылайыкталган.
Казакстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо 26-апрелге белгиленген. Ага учурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев талапкер катары катышат. (КЕ)