Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Зыяратчыларды ташуу боюнча экинчи тендер өтөт


Сауд Арабия -- кыргызстандык зыяратчылар, 3-октябрь, 2013.
Сауд Арабия -- кыргызстандык зыяратчылар, 3-октябрь, 2013.

Зыяратчыларды ташуу үчүн өткөрүлгөн биринчи тендерде Сауд Арабияга таандык Flynas компаниясы утуп алды. Учак баасы 1500 доллар деп белгиленди. Бирок аталган компаниянын учактары чоң болуп, Ошко коно албагандыктан экинчи тендер өткөрүүгө туура келүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Муфтияттын алдындагы ажылыкты уюштуруу бөлүмүнүн адиси Хамид Садиллаев билдирди. Анын айтымында, Flynas Ошко коно алчу учактарды табуу үчүн бир апта убакыт сураган. Экинчи тендерге кыргызстандык компаниялардын катышуусуна да мүмкүнчүлуү берилди.

Өткөн жылы ажыга баруунун жалпы баасы 2400 доллар болгон. Быйыл бул баа 500-1000 долларга кымбатырак болушу ыктымалдыгы айтылууда. Быйылкы зыярат сентябрь айына туш келет. Ага Кыргызстандан 3685 адам барары пландалууда. (КЕ/ММ)

XS
SM
MD
LG