Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Былтыр 47 миңден ашуун адам аты-жөнүн өзгөрткөн


Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн тараткан маалыматка ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда 47 миң 263 киши аты-жөнүн өзгөрткөн. Алардын арасында индентификациялык номерин өзгөрткөндөр да бар.

Буга чейин Ички иштер министрлиги эки жылдын ичинде мурда соттолгон, издөөдө жүргөн жана криминалдык иштерге аралашкан 6 миңдей киши Мамлекеттик каттоо жана Социалдык фонддун өкүлдөрүнүн жардамы менен идентификациялык номери өзгөртүлгөн жаңы паспортторду алганы тергөөдө аныкталганын айтып чыккан.

Каттоо кызматы буга жооп кайтарып, бул фактылар ички кызматтык иликтөөдө табылганын, маалыматтар Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин кабарлады.

Негизинен соңку жылдары Кыргызстанда аты-жөнүн өзгөрткөндөр көбөйгөнү байкалууда. Алардын басымдуу бөлүгү фамилиясындагы "уулу" жана "кызы" дегенди “ов" жана "ова” кылып өзгөрткөндөр. Көпчүлүгү Орусияда иштеп келүү үчүн кетип жаткандар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG