Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Жалал-Абаддын Ноокен районундук ооруканасынын дарыгерлери менен жолугушкан учурда билдирди. Дарыгерлер аймакта гинеколог, балдар дарыгери жана невропотолог жетишпей турганын, Ош, Жалал-Абаддан окууну бүтүп келген кадрлар иштай албай жатканын айтышты. Ниязалиева мындан үч жыл мурда лицензициясы токтотулган Жалал-Абаддагы медицина факультети азыр коммерциялык багытта иштеп жатканын, бул маселе өкмөттүк деңгээлде караларын кошумчалады.
Кыргызстанда жалпы 87 миңдин тегерегинде медициналык кызматкер иштейт, алардын 13 миңдейи врачтар. Айлык маянасынын аздыгынан улам мыкты деген медицина кызматкерлердин бир тобу чет өлкөлөргө чыгып кеткен. (КЕ/RsK)