Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Астанада Путин, Назарбаев жана Лукашенко жолугушууда


Астана, 20-март, 2015.
Астана, 20-март, 2015.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанадагы жолугушууда соода-экономикалык байланыштар жана Украинадагы кризис талкууга алынарын билдирди. Анын айтымында, Казакстан, Беларус жана Орусия өлкөлөрү кирген Евразия экономикалык биримдик келерки жылы жаңы чакырыктар менен чагат.

- Биздин алдыга койгон максатыбыз бул кырдаалдарды талкуулап алуу. Евразия экономикалык биримдиги үчүн 2015-жыл чоң тобокелдиктин жана чакырыктын жылы болот деп ойлойм. Бул маселени биримдиктин башка мүчөлөрү менен бирге да талкуулайбыз. Биз мамлекеттер аралык соода маселесин жана ушул жылы эмне иш кыларыбызды талкуулайбыз, - деди Назарабев.

Жолугушууда Беларус президенти Александр Лукашенко жыл сайын жаңы чакырыктарга жооп кайтарууга туура келип жатканын жана биримдик өз убагында түзүлгөнүн кошумчалады.

Президенттердин жолугушуусу өткөн аптага белгиленген. Белгисиз себептерден улам ал 20-мартка жылган болчу. Маалымат каражаттары жолугушуу Орусия президенти Владимир Путиндин ден соолугуна байланыштуу жылганын жазып чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG