Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Бишкектеги төрөтканалар кош бойлуу келинди кабыл албай койгону териштирилүүдө


Кош бойлуу келинди Бишкек шаарындагы төрөт үйүнүн бири кабыл албай койгондон кийин баласы өлүү төрөлдү деген маалымат териштирилүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкери Аскар Эргешов билдирди.

Буга чейин Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургунун шаардагы төрөт үйлөрү кабыл алуудан баш тарткандан кийин аял өзү төрөп, бала чарчап калганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Бүгүн шаардагы төрөт үйлөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери ушул окуяга байланыштуу кеңешмеге чогулду. Анда Канатка Юлия аттуу келин шаардагы 2-бейтапканада каттоодо турганы, аларды перинаталдык борбор тейлей турганы айтылды. “Келин 1-төрөт үйүнөн чыгып, 2-төрөт үйүнө барган. Ал жактан да перинаталдык борборго баруусун айтышкан. Натыйжада баланын киндиги ичегиге эки жолу оролуп, өлүү төрөлгөн”, - деди Эргешов. Бул окуяны учурда департаменттин комиссиясы иликтеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG