Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Аба ырайы


Шашылыш эскертүү

20-марттан 23-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150 чакырымдары), Каракол-Эңгилчек (45-90 чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94 чакырымдары, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы кыймыл 500 метр аралыка чектелиши зарыл.

21-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт, күндүз кээ бир райондордо Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 0...5, 12...17

Талас өрөөнүндө -1...4, 10...15

Ош, Жалал-Абад аймактарында 2...7, 13...18

Баткен областында 1...6, 11...16

Ысык-Көл -0...-5, 2...7

Нарын областында -3...-8, 0....5

Бишкекте 21-мартта түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус жылуу, күндүз 14…16 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG