Нооруз майрамына байланыштуу “Супара” этнокомлекси Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ири этно шаарчаны көөлөнгөн талкандан курат. Бул процесс ачык асманда, коноктордун катышуусунда өтөт. Анын аянты узатасынан 5 метр, туурасынан 2,5 метрге чейин жетет. Сүрөткерлик менен бирге ашпозчунун чеберчилиги талап кылынган бул полотнону даярдоо үчүн "Супара" этнокомплексинин эң алдыңкы ашпозчулары тартылган. Шаарчаны курууга 2 мүшөк талкан, 50 кг. жашылча-жемиш жана 40 килограмм эт керектелет.
Талкан кыштагын куруу идеясы ата-бабалардын басып өткөн доорун чагылдыруу, алардын күнүмдук турмуш тиричилиги, көчмөн жашоосунун ал-жайын баяндоо болуп эсептелет. (КЕ)