Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Йеменде эки мечитке жасалган чабуулда 100дөн көп динзар өлдү


Бадр мечити жанкечтилердин бомба чабуулунан кийин. Сана шаары. 20-март, 2015 - жыл
Бадр мечити жанкечтилердин бомба чабуулунан кийин. Сана шаары. 20-март, 2015 - жыл

20-мартта Санада жума намаз учурунда шииттердин эки мечитинде жанкечтилер жардырган бомбадан 137 динзар өлдү, дагы 345 намазгөй жарадар болгонун шиит козголоңчуларынын телеканалы маалымдады.

Борбор шаардын дарыгерлери 87 адам өлгөнүн, ооруканаларга жана өлүкканаларга жасаттар келип жатканын тастыкташты. Ондогон жарадарлардын абалы оор экени айтылууда.

Йемендин түндүк бөлүгү, анын ичинде Сана азыр шииттердин хути тобунун козголоңчуларынын кол астында.

2012-жылы Али Абдулла Салинин узак жылдык бийлиги кулатылгандан бери Йеменде башаламандык өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG