150дөй казакстандык жаран чет өлкөлөрдөгү согушчан топтордун катарында урушуп жүрөт.
Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нургали Билисбеков 19-мартта Астанада маалымдашынча, андан тышкары ал жакта согушчандардын аялдары, күйөөсү окко учкан жесир аялдар жана балдары болуп, дагы 200дөй казакстандык бар.
2014-жылы 80 казак жаранын экстремисттердин катарына тартуу аракети токтотулган. Сирияда машыгуудан өтүп келген казакстандык жарандын жыл башында террордук чабуулдары уюштуруусуна жол берилген эмес, - деди Билисбеков.
Кыргызстандын атайын кызматтары Сирияда террорчулукка машыгып келген казак жаранын колго түшүрүп, Астанага өткөрүп берди. Ал жаран Казакстанда жана Кыргызстанда террордук жардырууларды уюштурмак, деп кошумчалады Билисбеков.