Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Борбор Азия лидерлери кыргыз элин Нооруз менен куттукташты


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердимухаммедов жолдогон куттуктоо катта Кыргызстандын президентин жана элин Нооруз майрамы менен куттукташат.

Өзбекстандын президенти өз куттуктоосунда кылымдар бою Нооруз жаратылыштын жанданышын жана жаңылануусун туюндурарын белгиледи.

"Нооруз боордош жакын элдерибиздин таза тилектерин жана жаратман рухун, кайталангыс маданиятын белгилейт, жакшы коңшулаштыктын жана өз ара түшүнүшүүнүн тамыры терең салттарын бекемдөөгө көмөктөшөт”, - деп айтылат Өзбекстандын президентинин куттуктоосунда.

Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда "Достукка жана өз ара түшүнүүгө негизделген, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле мында ары да, биздин элдин жыргалчылыгы үчүн бекемдей берээрине ишенем”, - деп айтылат.(ZMa)

XS
SM
MD
LG