Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

БУУ: 15 жылдан кийин суунун көлөмү 40% азаят


Кыргызстанда да таза сууга жеткиликтүүлүк курч көйгөйлөрдүн бири
Кыргызстанда да таза сууга жеткиликтүүлүк курч көйгөйлөрдүн бири

Эгерде сууну колдонуу жаатында саясат өзгөрбөсө, 2030-жылы дүйнө жүзү боюнча суунун запасы 40% кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун докладында айтылат.

Докладда жер алдындагы суунун запастары азайып жатканы, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жаан-чачын аз жаай турганы белгиленет. 2050-жылы дүйнө калкынын саны 9 миллиардга жетет деп күтүлүп жатат. Мындай учурда суу айыл чарбасы, өнөр жай жана жеке керектөө үчүн өтө зарыл ресурска айланат.

Нью-Делиде чыккан докладда сууну эффективдүү пайдалануу гана анын таңсыктыгын болтурбары айтылат. Буга байланыштуу БУУ саясатчыларды жана коомчулукту суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланып, анын баасын жогорулатуу маселесин карап чыгууга, гидроэнергетикалык секторду натыйжалуу пайдалануунун ыкмаларын табууга чакырды.

Ушул тапта дүйнө боюнча 748 миллион киши таза сууга муктаж. (ZMa)

XS
SM
MD
LG