Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Украинанын чыгышында атышуулар уланууда


Украинанын чыгышында акыркы сутка ичинде эки украин жоокери окко учуп, дагы жетөө жараат алды. Өкмөттүк күчтөр Донецк, Артемовск, Луганск жана Мариуполь тараптан жикчилдер ок атып жатканын кабарлашты. Өз кезегинде "Донецк элдик республикасынын" жикчилдери 21-мартка караган түнү украин аскерлери ок атышпоо режимин 30 жолу бузганын айтып чыгышты.

Донецк облусунун Волноваха шаарында кечээ белгисиз кишилер Украинанын Коопсуздук кызматынын кызматкерин атып кетишти. ИИМдин облустук башкармалыгы шектүүлөр кармалганын кабарлады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG