Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Бүгүн - Дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү


Жыл сайын 22-мартта дүйнөдө суу ресурстарынын күнүн белгилөө идеясы 1992-жылы Рио-де-Жанейродо айлана-чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун конференциясында айтылган.

Жер шаарынын 70 пайызын суу каптап турганы менен, анын 97,5 пайызы туздуу суу болуп саналат. Калган 2,5 пайыз таза суунун 68,7 пайызын мөңгүлөр түзөт.

БУУ соңку докладында жер алдындагы суунун запастары азайып жатканы, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу жаан-чачын аз жаай турганы белгилеген. Анда эгер сууну колдонуу жаатында саясат өзгөрбөсө, 2030-жылы дүйнө жүзү боюнча суунун запасы 40% кыскарышы мүмкүндүгү айтылат. Мындан улам уюм саясатчыларды жана коомчулукту суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланып, анын баасын жогорулатуу маселесин карап чыгууга, гидроэнергетикалык секторду натыйжалуу пайдалануунун ыкмаларын табууга чакырууда.

Дүйнө боюнча 748 миллион киши таза сууга муктаж. (AzK)

XS
SM
MD
LG