Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Президент Атамбаевдин Европага сапары башталууда


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европа мамлекеттерине иш сапар менен аттанууда. Сапардын алкагында ал Австрия, Бельгия, Швейцария, Германия, Францияда болуп, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө. Жолугушууларда Кыргызстанды демократиялаштыруу жараянын колдоо жана Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү багытында пикир алмашуулар болот.

Президент баштап бараткан кыргыз делегациясынын курамында өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар бар. Иш сапары 1-апрелде жыйынтыкталат. (AzK\KJ)

XS
SM
MD
LG