Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Партиялык тизмени өзгөртүү сунушу келаткан аптада добушка коюлат


Шайлоого катышкан саясий партиялардын тизмесин шайлоо жыйынтыгы расмий чыккан соң өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору өткөн аптада каралып, экинчи окууга кайтарылган болчу. Эми депутаттар бул мыйзам долбооруна келе жаткан шаршемби же бейшемби күнү добуш беришет. Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттык мандат талапкерлерге шайлоо учурунда үгүт иштерин жүргүзгөнүнө, активдүүлүгүнө жана добуш алганына жараша кайрадан калыс бөлүштүрүлүшү керек экенин билдирүүдө. Айрым депутаттар бул демилгеге каршы болуп, шайлоого бара жактан партиялар тизмеге башынан эле мыкты талапкерлерди тандоого умтулуусу керек деген пикирди карманууда.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстанда шайлоочулар добушун партияга эмес, анын ичиндеги талапкерге карап добуш берерин эске алганда, тизменин шайлоодон кийин өзгөрүп кетиши аларды алдоо менен барабар болуп каларын эскертип жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG