Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Молдованын Гагаузия автономиясынын башчысы шайланууда


Гагаузиянын башчылыгына 10 талапкер ат салышууда. Алардын баары тең көз карандысыз талапкер катары катталган. Добуш берүүнүн жүрүшүнө 180 жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар көз салууда. Алардын ичинде КМШнын парламент аралык ассамблеясынан, Европалык кеңештен жана БУУдан өкүлдөр бар.

Автономиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында, эгер шайлоого 105 миң шайлоочунун 50 пайызы катышса, шайлоо жараяны өткөн болуп эсептелет. Гагаузияда 150 миңге чукул киши жашайт. Алардын 80 пайызын түрк тилдүү православ ишениминдеги гагауздар түзөт (AzK)

XS
SM
MD
LG