Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Ооган лидерлери АКШга расмий сапарга барышат


22-мартта ооган президенти Ашраф Гани Вашингтонго учуп келет. Бул Ганинин президент болуп шайлангандан бери АКШга жасаган биринчи расмий сапары болот. Аны менен кошо сапарга премьер-министр Абдулла Абдулла да барат.

Гани жана Абдулла талаштуу президенттик шайлоого чекит коюу үчүн бийлик укуктарын бөлүшүү келишимине ылайык, былтыр сентябрдан бери өлкөнү жетектешет. Ооган лидерлери 23-мартта АКШ президенти Барак Обама жана мамкатчы Жон Керри менен жолугушат. Сүйлөшүүдө негизинен коопсуздук маселеси, анын ичинде АКШ аскерлерин чыгарып кетүү, экономикалык өнүгүү жана Ооганстан жетектеген элдешүү жараянын АКШнын колдоосу сыяктуу маселелер талкууланары кабарланды.

Ашраф Гани сапары учурунда Конгресстин кошмо жыйынында сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG