Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтуусунда, акыркы он сегиз ымыркай Бишкекке апкелинген, андан кийин Орусиянын төрөт үйлөрүндө же балдар үйлөрүндө кыргызстандык мигранттар таштап кеткен наристелер бар экени тууралуу кабар жок.
Дамира Ниязалиева ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын колунда калган балдарды коргоого коомчулукту чакырды. Вице-премьер министр акыркы убактарда жаш балдарга зордук-зомбулуктун күч алганын белгилеп, буга каршы чогуу күрөшүү зарылдыгын билдирди.
Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министрлиги 2013-14-жылы Орусиядагы төрөт үйлөрүнө кыргызстандык кыз-келиндер төрөп, таштап кеткен 100дөн ашуун ымыркайды алып келишкен. Алардын айрымдарын жергиликтүү ата-энелер асырап алышса, кээ бирлери биологиялык ата-энесине же алардын жакындарына берилген. Калгандары балдар үйлөрүндө тарбияланууда.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр тогуз айда республика боюнча зордук-зомбулуктан жабыркаган 92 учур катталган. Алардын 42 пайызы жаш балдарга туура келет. ЮНИСЕФ менен Улуттук статистикалык комитеттин иликтөөсүнө караганда, бир жаштан 14 жашка чейинки балдардын 57 пайыздан ашууну ата-энелеринин уруп-согуусуна, психологиялык басымына кабылат. (ZKo)