Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация Австрияда


Кыргызстандын президенти А. Атамбаевдин Европага сапары Австриядан башталды. 22-март, 2015-жыл
Кыргызстандын президенти А. Атамбаевдин Европага сапары Австриядан башталды. 22-март, 2015-жыл

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин иш сапары Австриядан башталды. Ал жетектеген кыргыз делегациясы түшкөн учак 22-мартта Австриянын борбору Венага конду.

Расмий сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Австриянын президенти Хайнц Фишер, Австриянын парламентинин жогорку палатасынын спикери Соня Цвацл менен жолугушуп, кыргыз-австрия бизнес-форумуна катышары кабарланган.

Ошондой эле президент Австрияда баңги заттар жана кылмыштар боюнча Бириккен улуттар уюмунун башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов, ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Президенттин иш сапары андан ары Франция, Швейцария, Белгия жана Германияга уланат.

Атамбаевдин 1-апрелге чейинки Европа сапарынын алкагында саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары болжонуп жатат.

Европага сапарында президент Алмазбек Атамбаевди кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, ЖК депутаттары жана ишкерлер коштоп жүрүшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG