Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Дизелдик отун дагы кымбаттады


Кара май ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Медетбек Керимкуловдун “Азаттыкка” айтымында, 21-марттан тартып Кыргызстан боюнча дизелдик отундун баасы дагы бир сомго кымбаттады. Соңку күндөрү суроо-талап күчөп, Орусиянын заводдорунда баа 17-20 пайыз өскөн. Мындан тышкары АКШ долларынын наркы туруксуз болууда.

Керимкулов жазгы айдап-себүү иштеринде май таңкыстыгы болбой турганын, дизелдик отундун запасы Кыргызстанда жетиштүү экенин кошумчалады.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды дээрлик Орусиядан ташыйт. Дыйканчылык үчүн бир сезонго 120 миң тоннадан ашуун кара май керектелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG