20-22-март күндөрү Кыргызстандын аймагында 61 жол кырсыгы катталып, 7 адам мерт кетти. Дагы 87 адам түрдүү жараат алды.
Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын маалыматында, жалпысынан үч күндө жол эрежесин бузган 1,5 миң факт катталды, алардын 239унда айдоочу мас экени аныкталган. (RK)