Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

УКМК менен ИИМ билдирүү таратты


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги бүгүн биргелешкен билдирүү таратып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бейформал уюмдардын жардамына муктаж эмес экенин айтышты.

"Күмөн жараткан бирикмелердин коопсуздукту камсыз кылуу жаатында иш алып баруусуна жол берилбейт, бул үчүн өзүбүздүн күчүбүз, каражатыбыз жетиштүү" деп айтылат эки мекеменин билдирүүсүндө.

18-мартта "Калыс" кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов "Эл намысы" деген уюм түзүлгөнүн, ага негизинен спортчулар киргенин, "кооптуу кырдаал жаралса мобилизацияланып, аскер күчү катары окуяны алдын алууга катышуу максаты" бар экенин “Азаттыкка” кабарлаган болчу.

10-апрелде алар жыйынга чогулуп, меморандумга кол коюлары, ушу тапта катарында 300дөй мүчө бар экени да айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG