Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 243 миллион сом бөлүнөт


Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын талкуулаган жыйында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери, депутат Чыныбай Турсунбеков буга чейин кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча пландар каражаттын жоктугунан ишке ашпай келгенин белгилеп, барган сайын мамлекеттик тилдин ролу бекемделип жатканын айтты.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн 2020-жылга чейинки улуттук программасы өткөн жылы кабыл алынган. Аны ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча атайын жумуш топ түзүлгөн.

Программага ылайык, мамлекеттик кызматкер болуш үчүн кыргыз тилин билүү шарт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG