Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Конституцияны өзгөртүү долбоору талкуулана баштады


Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун өткөн аптада президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев парламенттеги беш фракция лидерлеринин катышуусунда талкуулады. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум ушул жылы парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүлүшү мүмкүн.

КСДП фракциясынын лидери, эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков Конституцияны өзгөртүү боюнча сөз болгонун тастыктады. Анын айтымында, Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңеши кылып өзгөртүү сыяктуу үч-төрт сунуш каралууда. Мындан сырткары, Жогорку Соттун башчысын парламент президенттин сунушу менен шайлоо, Конституциялык палатанын ордуна Конституциялык кеңеш түзүү, фракциянын ичиндеги депутаттардын мандатын алуу укугун партия лидерине берүү сунушталууда.

Бирок Равшан Жээнбеков муну толугу менен партиялык диктатурага алып келчү, партия лидерине көз каранды кылуучу жагдай деп эсептөөдө.

2010-жылы өзгөртүлгөн Башмыйзамга ылайык, 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө чечими кабыл алынган. Былтыр күзүндө президент Алмазбек Атамбаев сот системасынын реформасы үчүн конституциялык өзгөртүүгө барууну жактай турганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG