Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Сузакта “хизбутчу" деп шектелген топ аныкталды


УКМКнын бүгүн тараткан маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экстремисттик “Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө деген топ аныкталды. Ыкчам иликтөө иштердин натыйжасында бул топ чет жердеги экстремисттик борборлордун аймактагы координаторлук ишин аткарганы белгилүү болгон.

Ошондой эле ал Кыргызстандагы конституциялык түзүлүштү кулатууга үгүттөгөн экстремисттик баракча, китептерди тараткан.

Сузак районунун айрым жашоочуларынын үйүн тинтүү маалында 200 тыюу салынган китеп, компакт-дисктер табылган.

УКМК алынган материалдар боюнча тиешелүү иш-аракеттерди көрүүдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG