Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Украинанын чыгышындагы жикчилер танктарын жылдырышты


Танкттар, курал –жарактар менен катар согушкерлер да өкмөттүк күчтөр менен чектеш тилекеге жакындап жылганын бүгүн украин бийликтери билдирди.

Украин ички иштер министрлгинин өкүлү Зорян Шикиряктын айтымында, майдан тилекесине жакын жана жикчилер колундагы шаарчалардын бири - Горливкага өткөн түнү 10-12 танк келген.

Украин тарап ошондой эле жикчилердин күчтөрү “окупацияланган аймактарда” топтолуп турганын айтууда.

Украин армиясы ырастагандай, акыркы 24 саатта алардын алты жоокери жаракат алды.

Ок атышууну токтотуу келишими 15-февралда күчүндө киргенден бери Украинанын чыгышында уруштар басаңдады, бирок атышуулар маалы-маалы менен жүрүп жатат.

Аймакта былтыр апрелден бери 6000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG