“Ислам мамлекети” террордук уюмунун өзүн халиф деп жарыялап алган жетекчилиги Борбор Азияда, анын ичинде негизинен Фергана өрөөнүндө өзүнүн провинциясын түзүү планы бар экенин жашырбайт. Ошондой чабуулга каршы туруу үчүн Кыргызстан учурда аскердик колдоого муктаж" деп билдирди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Венадагы маалымат жыйынында. Орусиянын аскер базасынын Кыргызстанга келтирген пайдасы тууралуу европалык журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “Учурда диний радикализм, террордук баскынчылык сыяктуу коркунучтардын алдын-алуу үчүн Кыргызстан Орусиядан курал-жарак жана ок-дары алып жатканын жашырбайм жана ушундай эле аскерий жардамды Европалык өнөктөштөрдөн дагы күтмөкпүз” – деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Мындан сырткары президент Атамбаев Кыргызстан Орусия менен экономикалык жана коопсуздук жаатында негизги өнөктөш экенин белгилеп, ошол эле кезде өлкө өзү тандап алган демократиялык жолдон кайра артка кайтпайт деп ишендирди.
“Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бирден-бир парламенттик башкаруу жолун тандап алды. Эми бул жолду өнүктүрүүнүн үстүндө гана иштеп, артка кайтууга жол жок” –деди Атамбаев. Кыргызстандын президентинин Европага жасаган турнесинин саясий маанисине токтолгон президент Европа мамлекеттери Кыргызстан демократиялык-светтик коомду куруу жолуна ишенген үчүн бир эле учурда Европанын беш мамлекети расмий визит жасоого чакыруу жөнөткөнүн айтты. Буга чейин эл аралык эксперттер Кыргызстан көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүү жолунан кайтып, Орусиянын гана үстөмдүгү астында калды деп сынга ала башташкан болчу.