Ашраф Гани президент катары АКШдагы алгачкы сапарын Пентагондон баштады жана Кошмо Штаттарга акыркы он төрт жылдагы согушта колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ага катар Пентагондогу сөзүндө Гани “Биз азыр АКШ бизге эмне жасап бере аларын сурабайбыз, биз азыр Ооганстан өзү үчүн да, дүйнө үчүн да бир нерсе жасай аларын айткыбыз келет” - деп билдирди.
Ашраф Ганини жана башкы аткаруучу кызматын аркалаган Абдулла Абдулланы Пентагондогу салтанатта АКШ коргоо министри Эштон Картер тосуп алды.
НАТОнун Ооганстандагы согуштук миссиясы былтыр декабрда расмий бүткөн.
Бирок Кошмо Штаттар азыр да Ооганстанда 9800 жоокерин кармоодо. Аларга ооган күчтөрүн машыктыруу миссиясы жүктөлгөн.
2016-жылга карата алардын эми канчасы каларын Гани АКШ президенти менен 24-марттагы жолугушуусунда талкуулайт.
Вашингтон буга чейин пландагандай, 2016-жылга карата Ооганстанда 5500 гана америкалык аскер калуусу керек.
Ашраф Гани бүгүн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. (UE)