Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:21

Жерүй үчүн сынакта утуп чыккан ишкана аныкталат


Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.

Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, аталган кенди иштетүү боюнча сынакка үч компания катышты, бүгүн алардын кимиси кийинки этапка өткөнү аныкталат:

- Арыз берген компаниялардын документтерин конкурстук комиссия бүгүн карап, алардын кимиси кийинки этапка өтөрүн аныктайт.

Ал эми сынактын жеңүүчүсү дагы бир ай ичинде билинет. Сынакка үч компания арыз берген, алардын экөө Орусиянын ишканалары. “Алдан золото” компаниясы 100% орусиялык “Полюс Золото” компаниясына таандык. Ал эми “Полюс Золотону” орусиялык миллиардер Сулейман Керимов көзөмөлдөйт. Экинчи орусиялык ишкана “Восток геол добыча” компаниясы. Үчүнчүсү болсо “Кыргызалтын” ишканасы.

Жерүйдү иштетүү укугун алуу азыркы сынакта 100 миллион долларга бааланып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG