Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Эрматов: Орус тилинин макамы референдум аркылуу гана чечилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Эгемберди Эрматов бүгүн билдирди. Анын айтымында, тил маселесин талкуулаган илимий конференцияда орус тилинин макамын өзгөртүү боюнча сунуштар айтылды.

- Биз орус тилинин расмий деген макамын алып кое албайбыз. Анктени ал Конституцияда жазылган. Бул маселени референдум аркылуу Кыргызстан эли чечиши керек же депутаттардын демилгеси менен болот, - деди Эрматов.

Айрым маалымат каражаттары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы орус тилинин расмий макамын алып салууну сунуштап жатканын жазып чыккан. Бул орус тилдүү коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Эрматов мамлекеттик тил менен бирге башка тилдерди колдоого багытталган иш-чаралар да өтөрүн кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG