"Вечерний Бишкек" интернет-басылмасы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов театрдын сахнасында уюштурулган отурушка катышканы тууралуу жазган кабарын кайра төгүндөп, андан кечирим сурады.
Кечээ аталган басылманын сайтында Бишкек шаардык кеңеши Опера жана балет театрынын сахнасында стол уюштурганы тууралуу кабар чыккан болчу.
Учурда бул кабар социалдык тармактарда кызуу талкууланып, Марат Аманкулов жана депутаттар ыйык сахнада ичип-жеп, отуруш уюштурганы үчүн айыпталууда.
Соңку маалымат боюнча ал иш-чарага депутат Жумабек Салымбеков катышкан болушу ыктымал. (RK)