Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Кыргызстанда былтыр кургак учуктан 389 киши көз жумду


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстанда кургак учуктан 389 киши каза тапты. 2013-жылы бул сан 441ге жеткен болчу. Балдар арасында ооругандардын саны кыскарууда. 2013-жылы бул дартка чалдыккан балдардын саны 600гө жакын болсо, былтыр 440 болгон.

Дарыгерлер оорунун кескин кыскарбай жатышына тышкы миграция себеп болуп жатканын белгилөөдө. Орусия жана Казакстандан ооруну жуктуруп келип, Кыргызстанда дарыланып жаткандар бар.

24-март - Кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Кыргызстанда жыл сайын 6 миңге жакын киши кургак учукка кабылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG